Бишкек шаарында 2026-жылдын 20-августунда жол оңдоо иштерине байланыштуу Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн (азыркы Шабдан Баатыр көчөсү) Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул тилкеде жол куруу жана оңдоо, ошондой эле ага байланыштуу инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт. Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизүү иштерди коопсуз жана сапаттуу жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында зарыл.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол каттамдарыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болуучу тыгындарды эске алууңуздарды жана альтернативдүү айланма жолдорду тандооңуздарды өтүнөбүз.