2026-жылдын 18-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айни көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте демонтаждоо иштери аяктап, учурда шыбак иштерине, имараттын фасадын оңдоого жана электр менен камсыздоо системасын монтаждоого көңүл бурулууда. Долбоор ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнү жана спорт аянтчасын курууну камтыйт.
Ошондой эле борбор калаанын жетекчиси №56 орто мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, фасадын оңдоо жана жаңылоо, ошондой эле мектепке караштуу аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Мындан тышкары, Иманалиев көчөсүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Учурда суу түтүктөрүнүн тармактарын куруу иштери улантылууда. Инженердик иштер аяктагандан кийин жаңы жол тилкесин жана жөө адамдар өтүүчү тротуарды куруу пландалууда.
Жал айылында мэр көп функционалдуу спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышты. Комплекстин аймагында административдик блок, футболчулар жана машыктыруучулар үчүн жатаканалар, бала бакча, бассейн, ошондой эле машыгууларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жети футбол талаасы жайгашат.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев жооптуу кызматтарга иштердин темпин күчөтүүнү, алардын сапатын камсыз кылууну жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды. Ошондой эле аймактарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.







































