2026- жылдын 14-августунда Бишкек шаарында «Жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу» долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду. Долбоор Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы 14/2 дарегинде ишке ашырылат. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Келишимге Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен «Прайм Корт» ЖЧКсы кол коюшту. Документ тиешелүү сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, анын жеңүүчүсү болуп «Прайм Корт» ЖЧКсы табылган.
Долбоордун алкагында иштеп жаткан жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу каралган. Бул иштер заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө, теннис менен жыл бою машыгууга жана спорттук сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт.
Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты — чоң теннис менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу, массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүү, ошондой эле борбор калаанын спорттук инфраструктурасын жаңылоо. Бул өз кезегинде Бишкек шаарынын спорттук борбор катары имиджин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, шаар тургундарын спорттун түрлөрү менен машыгууга кеңири тартуу жана спортко жаңыдан кызыгып баштаган жаштарды колдоо максатында долбоордун алкагында падел-теннис үчүн атайын аянтча да курулат.
Келишимге кол коюлушу Бишкек шаарындагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун кезектеги маанилүү этабы болуп саналат.




