Бишкек шаарында борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча туруктуу иштер улантылууда.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин реконструкциялоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты.

Иштер аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери этап-этабы менен унаа кыймылы үчүн ачылды:

Краснодарская көчөсүнүн Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тираспольская көчөсүнө чейинки, узундугу 510 метр болгон бөлүгү;
Шабдан Баатыр көчөсүнө (мурдагы Лев Толстой көчөсү) туташкан Лущихин көчөсүнүн 600 метрлик бөлүгү;
Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки, узундугу 600 метр болгон Ак-Шоокум көчөсү;
Чыңгыз Айтматов проспектисинен Садырбаев көчөсүнө чейинки, узундугу 1 200 метр болгон Семетей көчөсү;
Аалы Токомбаев көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи райондогу «Айша» мечитине чейинки, узундугу 3 200 метр болгон тротуары;
5-кичи райондогу Миррахимов көчөсүнөн №28, 29, 30 жана 30а үйлөрдүн боюн бойлой өткөн, узундугу 350 метр болгон жол;
Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки, узундугу 600 метр болгон Скрябин көчөсү;
Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки, узундугу 450 метр болгон Осмонкул көчөсүнүн бөлүгү.

Бардык көчөлөрдө жана жол тилкелеринде асфальт төшөө  менен катар тротуарлар курулуп, аларга чектеш аймактар да иретке келтирилди.

Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө шаар мэри Айбек Джунушалиев аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуунун жана чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Бишкек шаарында 136 унаа жолун жана тротуарды куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө алардын 68и толугу менен аяктады.