2026- жылдын 20-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Аламүдүн-1 кичи районунда, Сагынбай Манасчы көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейинки тилкесинде курулуп жаткан жаңы сквердин абалы менен таанышты.
Объектте аймакты тазалоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда бетон куюу жана конструкцияларды орнотуу иштери башталган. Ирригациялык лотоктор орнотулуп, жаан-чачын сууларын кабыл алуучу торчолор монтаждалууда. Ошондой эле кирпич конструкциялары тургузулуп, жөө адамдар өтүүчү тротуарларга таман таш төшөө иштери башталды.
Долбоордун алкагында аймакты комплекстүү көрктөндүрүү каралып, унаа токтотуучу жай, заманбап балдар аянтчалары, автоматташтырылган сугаруу системасы жана тышкы жарыктандыруу орнотулат. Мындан тышкары, улуттук спорттун түрлөрү менен машыгууга арналган аянтчаларды түзүү пландалууда.
Мэр Айбек Джунушалиев жаңы сквер райондун тургундары үчүн эс алууга, спорт менен машыгууга жана үй-бүлөлүк эс алууга ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланышы керектигин белгиледи.
Ошол эле учурда долбоордун ишке ашырылышы «Веранда» кафесине байланыштуу маселени чечүү зарылдыгынан улам кечигүүдө. Шаар башчысы Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына демонтаждоо иштерин баштап, долбоорду улантуу үчүн аймакты бошотууну камсыз кылууну тапшырды.
Мындан тышкары, демонтаждоо иштеринен кийин калган таштандыларды тазалоо маселеси боюнча «Жасмин» кафесинин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.
Мэр Айбек Джунушалиев объекттеги иштердин темпин күчөтүп, бардык курулуш жана көрктөндүрүү иштеринин сапаттуу жана талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууну милдеттендирди.







