Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайкы кечтерди жандуу музыканын коштоосунда, жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырат.

21 жана 22-август күндөрү Ала-Тоо аянтындагы фонтандын жанында ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын  жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа даярдалды.

Үй-бүлөңүздөр жана досторуңуздар менен бирге келип, жагымдуу кечке күбө болуп кетиңиздер.