Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, шаардын төрт административдик районунун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мэриянын экинчи жарым жылдыкка карата милдеттери тууралуу  мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндама жасады.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын 47,0 пайызы Бишкек шаарына туура келген. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында шаардын ишканалары тарабынан 76 млрд 4 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 116,1 пайызды түздү. Бишкекинин республикадагы жалпы өндүрүш көлөмүндөгү үлүшү 16,9 пайызды түздү.

Өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган негизги республикалык долбоорлордун бири — «100 өнөр жай ишканасы — 2026» долбоору. Анын алкагында Бишкек шаарында 4 жаңы өндүрүш ишканасын ишке киргизүү пландалууда.

Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 777 млрд 799 млн сомду түзүп, өсүү темпи 9,1 пайыз болду. Шаардын республикадагы жалпы көлөмдөгү үлүшү 64,3 пайызды түздү.

Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 54 млрд 920 млн сомго жетип, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге өстү. Бишкектин  республикадагы жалпы көлөмдөгү үлүшү 26,3 пайызды түздү.

Инфляциянын деңгээлин чагылдырган керектөө бааларынын индекси 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 110,1 пайызды түздү.

Номиналдык орточо айлык эмгек акы 64 293 сомду түзүп, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 23 пайызга өстү.