Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, шаардын төрт административдик районунун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
«Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери» боюнча мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндама жасады.
Борбор калаанын экономикасын өнүктүрүү жана шаардык инфраструктураны жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын мэриясы инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурууда. Акыркы эки жылда шаарга 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция тартылды.
Тартылган инвестициялар коммуналдык жана социалдык инфраструктура жаатындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга, калдыктарды кайра иштетүүгө, заманбап көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди жаңылоого багытталууда.
Учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун арасында:
катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана энергия өндүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы – 230 млн АКШ доллары;
Hyper Partners көп функционалдуу комплекси – 300 млн АКШ доллары;
Royal Central Park заманбап көп функционалдуу комплекси – 300 млн АКШ долларынан ашык;
Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларын модернизациялоо – 70,9 млн АКШ доллары;
социалдык инфраструктурасы бар «Оптима» комплекси – 1 млрд 200 млн сом.
Бул долбоорлордун ишке ашырылышы шаар экономикасына капитал тартууга, жаңы объектилерди жана жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле борбор калаанын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө жана модернизациялоого өбөлгө түзөт.

