Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, шаардын төрт административдик районунун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
«Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери» тууралуу мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндама жасады.
Иштин негизги багыттарынын бири — бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана анын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу.
Акыркы беш жылда бюджеттин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өстү. 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.
Алты айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3,0 млрд сомго көп каражат түштү.
Салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.


