2026-жылдын 20-августунда, Бишкекте мэр Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы астында коллегиялык жыйын өттү.

Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев "Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарымындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата мэриянын милдеттери жөнүндө" баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө шаардын инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган бир катар максаттар аныкталды.

Атап айтканда, «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасына ААРдин алкагында шаардын аймагына кошулган конуштарда суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын долбоорлоо, куруу, тартуу жана андан ары тейлөө иштерин өзүнө алуу тапшырылды.

Муниципалдык инспекцияга жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча ишти күчөтүү жана бул багытта көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу милдеттендирилди.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Даярдык иш-чараларына байланыштуу чыгымдарга аудит жүргүзүү, аларды текшерүүнү камсыз кылуу жана белгиленген тартипте укук коргоо органдарына маалымат берүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине К. Кожомкул атындагы Спорт сарайында эл аралык деңгээлдеги бассейн куруу долбоорунун ишке ашырылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Жыйындын жыйынтыгы менен мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине коюлган милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.