Бишкек шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиянын жыйыны шаар мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгында өттү.

Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев «Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө» баяндама жасады.

2026-жылдын негизги жыйынтыктарынын бири — Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Бул документ борбор калааны жакынкы 25 жылда өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.

Башкы планды ишке ашыруунун алкагында жер пайдалануу жана курулуш эрежелери иштелип жатат. Алар шаар аймагын сарамжалдуу пайдаланууга, курулуш иштерин иретке келтирүүгө жана курулуш тармагында системалуу мамилени камсыз кылууга багытталат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган аймактарды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Ошондой эле кошулган аймактарда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2026-жылга карата курулуштун титулдук тизмесине жалпысынан 64 объект киргизилип, аларды ишке ашырууга 611,2 млн сом каралган. Анын ичинен Ленин району боюнча — 22, Свердлов району боюнча — 15, Биринчи Май району боюнча — 16, Октябрь району боюнча — 11 объект каралган.

2026-жылдын май айында Маевка конушунда жалпы аянты 295 чарчы метрди түзгөн спорт комплекси пайдаланууга берилди. Ошондой эле жыл аягына чейин Биримдик-Кут конушунда 280 орунга ылайыкталган бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.

Новопавловкада 2 скважина казылып, 9 чакырым суу түтүгү тартылды. Учурда иштердин аткарылышы 45 пайызды түзөт. Калган объектилер боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү иштери улантылууда.

Коллегиянын жүрүшүндө жер мунапысынын ишке ашырылышына да өзгөчө көңүл бурулду. Жер мунапысы башталгандан бери комиссиялардын 290 отуруму өткөрүлүп, 30 миңге жакын материал каралды. Алардын ичинен 14 миң арыз канааттандырылды. Канааттандырылган арыздардын негизинде 14 миң токтом кабыл алынды.