Бишкек шаарында шаар мэри Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгында коллегиянын жыйыны өттү.
Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
«Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө» мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндама жасады.
2026-жылы 3 жаңы бала бакча куруу, ошондой эле 4 бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 36 жалпы билим берүүчү мектепти куруу пландалган. Бул долбоорлордун ишке ашырылышы билим берүү мекемелериндеги орундардын тартыштыгын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.
Учурда №23 орто мектептин ордуна жаңы, заманбап мектептин курулушу аяктады. Ошондой эле эки бала бакчада капиталдык оңдоо иштери аяктады. Калган объектилер боюнча курулуш иштерин өз убагында бүткөрүү багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Бишкекте маданий, коммуналдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында:
Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы эски бассейндин ордуна олимпиадалык стандарттарга жооп берген жаңы бассейн куруу;
«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна Маданият борборун куруу;
№80 мектептин аймагындагы спорт залга кошумча корпус куруу;
№118 мектептин аймагында спорт комплексин куруу;
«Тазалык» жана «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканалары үчүн жаңы имараттарды куруу.
Мындан тышкары, Жаш техниктер станциясынын курулушу аяктады. Токтоналиев көчөсүндөгү көп функционалдуу спорт комплекси жана Маевка конушундагы күрөш залы пайдаланууга берилди.

