Бүгүн, 2026-жылдын 21-августунда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Instagram социалдык тармагындагы активдүү колдонуучу, ARI tex MEDIA баракчасынын автору Амантур Туманбеков менен жолугушту.
Буга чейин Амантур Туманбеков борбор калаанын жетекчисине видео кайрылуу жасап, анда шаардын четиндеги райондорду өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди көтөргөн. Ал, атап айтканда, «Кудайберген» базарынын аймагындагы абалга көңүл буруп, бул жерде эс алуу жайлары, сейил бактар жана балдар аянтчалары жетишсиз экенин белгилеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Айбек Джунушалиев Бишкекти комплекстүү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берип, бүгүнкү күндө шаардагы долбоорлор борбордук бөлүк менен гана чектелбестен, шаардын алыскы райондорунда да ишке ашырылып жатканын белгиледи.
«Шаар өнүгүп жатат. Эгер буга чейин негизги көңүл борбордук бөлүккө бурулуп келсе, азыр борбор калаанын четиндеги райондор да этап-этабы менен иретке келтирилүүдө. Анын ичинде Кудайберген базарынын аймагында да иштер жүргүзүлүп жатат», — деп баса белгиледи мэр.
Борбор калаанын башчысы Бишкекте шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, мэр шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн олуттуу өскөнүнө токтолду. Акыркы беш жылда Бишкек шаарынын бюджетинин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге көбөйгөн. Бул инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда мэр Айбек Джунушалиев активисттин шаарда болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу пикирин угуп, ошондой эле борбор калааны мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарына кызыкты.



