Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №58 мектептин аймагын көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн кайрадан текшерип, ошондой эле №112 мектептеги капиталдык оңдоо иштеринин жана ага жанаша аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.

№58 мектептин аймагында кичи-футбол жана баскетбол аянтчаларын, воркаут жана балдар аянтчаларын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоочу жолдор, пандустар жана отургучтар коюлуп, тротуарлар менен жолдор калыбына келтирилет. Аймак жашылдандырылып, сугаруу системасы орнотулат.

№112 мектепте капиталдык оңдоонун алкагында имарат толугу менен жаңыланып, инженердик коммуникациялар, терезелер, эшиктер жана ички жасалгалар оңдолот. Мектептин аймагында спорттук жана балдар аянтчалары, чуркоочу жолдор, тышкы жарыктандыруу жана көрктөндүрүлгөн эс алуу жайлары да пайда болот.

Бүгүнкү күнгө карата №112 мектепте демонтаждоо жана электр-монтаждоо иштери аяктады. Учурда шыбактоо, фасадды оңдоо жана башка иштер жүргүзүлүүдө.

Объектилерди кыдырып чыккандан кийин мэр Капиталдык курулуш башкармалыгына эки объектти тең өзгөчө көзөмөлгө алууну, жүргүзүлүп жаткан иштердин темпин жана сапатын жогорулатууну тапшырды.

Мындан тышкары, калаа башчысы билим берүү мекемелеринин аймактарын жашылдандырууга, жашыл өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүүгө жана аларды натыйжалуу сугарууну камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.