Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана   Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин  өткөрүүгө байланыштуу айрым жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы   туристтик операторлордун сунуштарына мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бул мезгилде борбор калаанын тургундары жана коноктору Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин жаңы туристтик багыттарын ачып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Туристтик компаниялар эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан күндөрдү пайдалуу өткөрүп, саякатка чыгууга шарт түзгөн ар түрдүү маршруттарды даярдашты.

Мисалы, Kyrgyz Land туристтик компаниясы Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин жаратылыш жана маданий кооз жерлерине саякаттарды сунуштайт. Багыттардын арасында Сары-Челек, Соң-Көл, Көл-Суу, атчан саякаттар, Ысык-Көл, Алматы, Ташкент жана Түркстан шаарлары бар.

Kyrgyz Land компаниясынын кардарларына 25-августтан 10-сентябрга чейин бардык турларга 5% арзандатуу каралган. Арзандатуудан пайдалануу үчүн турду брондоп жатканда BISHKEK-VIK промокодун көрсөтүү зарыл.

Кошумча маалымат алуу үчүн +996 508 100 210 телефону (WhatsApp) аркылуу байланышсаңыз болот. Instagram: @kyrgyzland_kg.

Мындан тышкары, борбор калаанын тургундары жана коноктору башка туристтик компаниялардын сунуштарынан да пайдалана алышат:

Pro Travel — +996 555 691 020, +996 507 030 987 | Instagram: @protravel.kgz;
Askunai Tour — +996 507 600 018, +996 708 540 356 | Instagram: @askunay_tour;
Fun Travells — +996 502 402 060 | Instagram: @fun_travells;
Kapriz Travel — +996 508 100 210 | Instagram: @kapriz_travel;
PEGAS Trip — +996 504 160 623 | Instagram: @pegas_trip;
Di Travel kg — +996 704 000 029 | Instagram: @di_travel_kg;
Kyrgyzworld — +996 557 204 065 | Instagram: @kyrgyzworld_trip;
Sunrise Travel — +996 501 010 121 | Instagram: @sunrise.travel.kg;
Nomad Spirit — +996 702 040 218 | Instagram: @nomadspirit.kg;
Kyrgyz Land — +996 508 100 210 | Instagram: @kyrgyzland_kg;
Trekkingunion.kg — +996 556 101 933 | Instagram: @Trekkingunion.kg.