“Бишкексууканал” МИси Жибек-Жолу проспектиндеги канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо боюнча иштер аяктаганын маалымдайт. Иманалы Айдарбеков көчөсүнөн (мурунку Жаш Гвардия бульвары) Турусбеков көчөсүнө чейинки жол тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды.
Иштер “Жибек-Жолу проспектиндеги Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Канализациялык коллектордун диаметри 300 ммден 600 ммге чейин кеңейтилди. Жаңы коллектор Кулиев көчөсүндөгү шаардык канализациялык коллекторго туташтырылды.
Бүгүнкү күндө канализациялык түтүктөрдүн 1 243 погондук метри төшөлүп, диаметри 1500 мм болгон 34 темир-бетон канализациялык кудугу орнотулду. Түтүктөрдүн жерге көмүлүү тереңдиги 3,80 метрден 6,0 метрге чейин жетет.
Жибек-Жолу проспектинин Иманалы Айдарбеков көчөсүнөн (мурунку Жаш Гвардия бульвары) Турусбеков көчөсүнө чейинки тилкесинде жолдун асфальт-бетон жабуусу толугу менен, жолдун бардык туурасы боюнча калыбына келтирилди.
Белгилей кетсек, оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы коллекторго түшкөн жогорку жүк менен байланыштуу болгон. Бул тилкедеги канализациялык коллектор 1961-жылы курулуп, диаметри 300 мм болгон иштеп жаткан түтүктүн өткөрүү кубаттуулугу саркынды суулардын көлөмүн өткөрүүгө жетишсиз болуп, анын толушу 140 пайызга чейин жеткен.
Долбоордун ишке ашырылышы канализациялык тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, учурдагы инфраструктурага болгон жүктү азайтууга жана суу агызуу системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берди.



