2026-жылдын 21-августунда Бишкек шаарынын 2012–2013-жылы төрөлгөн балдар арасындагы жайкы спартакиадаасынын шаардык этабынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Мелдештерге жалпы 336 жаш спортчу катышууда. Шаардык этап 19-августтан 25-августка чейин өтүп, ага буга чейинки этаптарды ийгиликтүү өткөн күчтүү командалар катышууда.
Жайкы спартакиада үч этапта өткөрүлөт. Алгач мелдештер муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) деңгээлинде уюштурулуп, биринчи этапта жеңишке жеткен командалар райондук этапка жолдомо алышты. Райондун жыйынтыгында биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар шаардык этапка чыгып, учурда борбор калаанын мыкты командалары күч сынашууда.
Шаардык спартакиаданын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты. Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө шаардык этапта чыккан жаш спортчуларды куттуктап, бул деңгээлге жетүү үчүн ар бир катышуучу көп күч-аракет жумшаганын белгиледи.
Ошондой эле спорт менен машыгуунун жана сергек жашоо образынын маанилүүлүгүн белгилеп, жаш спортчуларга ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.
Спартакиаданын программасына спорттун жети түрү киргизилген: футбол, волейбол, эстафета, аркан тартыш, чүкө, шахмат жана дартс.
Жыйынтыгында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.














