Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун ыр жана бий ансамбли даярдаган «Манас» музыкалык-хореографиялык спектаклинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кытай Эл Республикасынын КРдеги Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзяньпин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл интеллигенция жана коомчулук катышты.
«Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли музыканы, хореографияны жана сахна искусствосун бириктирип, көрүүчүлөргө кыргыз элинин улуу эпосунун көркөм чечмеленишин тартуулады. Спектаклде элдин биримдиги менен ынтымагы, мекенчилдик, эрктүүлүк жана руханий мурастарды сактоо идеялары чагылдырылды.
Кызыл-Суу ыр жана бий ансамблинин чыгышы көрүүчүлөрдүн купуясына толуп, жылуу сезимдерди калтырды.
Спектакль маданий алмашуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, кыргыз маданиятын жана «Манас» эпосун эл аралык деңгээлде жайылтууга чоң салым кошту.

















