Бүгүн, 2026-жылдын 22-августунда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Октябрь районунун акимчилигинде райондун башчысынын №151 контурундагы жер ээлери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга жер тилкелерине байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер, ошондой эле турак жайларды куруу долбоорунун негизги параметрлери тааныштырылды.

Маалыматка ылайык, 1996-жылы 32 жаранга жалпы аянты 66,8 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери берилген. Кийин мыйзамсыз кабыл алынган актынын негизинде 1 141 жер тилкеси түзүлгөн.

Жалпысынан 655 мамлекеттик акт берилген. Алардын ичинен 340 мамлекеттик акт сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде башка адамдарга өткөрүлүп берилсе, 315 мамлекеттик акт баштапкы жер ээлеринде калган.

Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган чечимдердин алкагында жер ээлери үчүн курулуш компаниясы тарабынан турак жайларды куруу каралган.

Жолугушууда жер ээлерине курулуштун алдын ала планы, үйлөрдүн негизги архитектуралык-пландоо чечимдери көрсөтүлүп, ошондой эле долбоорду документтик коштоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуунун катышуучулары долбоорду ишке ашырууга байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты.

Жер ээлери менен иш алып баруу улантылат. Долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптарында аларга анын жүрүшү жана кабыл алынып жаткан чечимдер тууралуу актуалдуу маалыматтар берилип турат.

Негизги максат — кабыл алынган мамлекеттик чечимдердин алкагында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу, жер ээлеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды заманбап жана жайлуу турак жай менен камсыз кылууга шарт түзүү.