«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу жумуштары жүргүзүлөрүн билдирет.

Жүргүзүлгөн жумуштарга байланыштуу 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Сууну өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
* Панфилов көч., 188/2, 190, 190/1, 190/3, 200, 200А, 202;
* Фрунзе көч., 495, 497, 499;
* Логвиненко көч., 32, 55;
* Орозбеков көч., 114, 116, 118, 120, 122;
* Жибек Жолу проспекти, 328, 491.

«Бишкекжылуулуктармагы» МИ тургундарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.