ДЕПО-2нин аймагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочуларынын жолугушуусу өттү.

Эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар  шаар тургундарынын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирүүнү камсыздайт.

Транспорттук тейлөө үч негизги багыт боюнча уюштурулат:
Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
Чолпон-Ата шаарынын ат майданы – Кырчын жайлоосу;
Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.

Бардык кичи автобустар тиешелүү техникалык даярдыктан өткөрүлүп, белгиленген талаптарга ылайык келтирилет. Айдоочулар да тиешелүү даярдыктан жана инструктаждан өтүшөт.

Мындан тышкары, иштен чыккан кичи автобустарды ыкчам алмаштыруу жана транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн айдоочулары менен кошо 15 резервдик транспорт каражаты каралган.

Транспорт департаменти тартылган бардык кызматтардын ишин координациялоону, анын ичинде наркологиялык жана психологиялык коштоо боюнча адистердин ишин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга көзөмөл жүргүзүүнү камсыздайт.

Айдоочуларга кайрылып жатып, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев иш-чараларды транспорттук камсыздоого катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
«Биз эч кимди мажбурлабайбыз жана күчкө салбайбыз. Баары сиздердин каалооңуздарга жараша болот. Эң негизгиси — өз ишиңиздерди сапаттуу аткаруу», — деп белгиледи мэр.

Ошондой эле борбор калаанын мэри айдоочулардын транспорттук камсыздоого катышуусуна байланышкан бардык чыгымдарды мэрия өзүнө аларын белгиледи.
«Мэрия тарабынан бардык чыгымдар камсыздалат. Ар бир айдоочу үчүн зарыл болгон шарттар — жашаган жери, тамак-ашы жана транспорт бузулган учурда техникалык колдоо көрсөтүлүшү камсыздалууга тийиш», — деди мэр.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев айдоочуларды алдыдагы ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, тургундарга жана конокторго жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга чакырды.