Бүгүн, 2026-жылдын 22-августунда, «Тунгуч» залында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жеткирүүнү камсыз кыла турган шаттл-автобустардын ишин уюштуруу боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаттл-автобустардын ишке даярдыгы, анын ичинде каттамдарды уюштуруу, тартылган кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жана транспорттун кыймылына мониторинг жүргүзүү маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл шаттл-автобустардын ишин реалдуу убакыт режиминде, анын ичинде видеокамералар аркылуу ыкчам башкаруу мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Бул жол кыймылынын абалын көзөмөлдөөгө, зарыл болгон учурда транспорттун кыймылын жөнгө салууга жана келип чыккан маселелерге ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Эске салсак, 2026-жылдын 31-августунда шаар тургундарынын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн атайын шаттл-автобустар уюштурулат. Алар көрүүчүлөрдү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтө турган «Бишкек Аренага» жеткирүүнү камсыздайт.

Шаттл-автобустар борбор калаанын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын белгиленген 21 пункттан каттайт. Шаар тургундары жана коноктору турган жерине жараша өздөрүнө ыңгайлуу жөнөө пунктун тандай алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга каттамын алдын ала пландап, жөнөө үчүн өздөрүнө ыңгайлуу жайгашкан пунктту тандап алууну сунуштайт. Иш-чара аяктагандан кийин кайра кайтууну ыңгайлуу уюштуруу үчүн «Бишкек Аренага» барууда пайдаланылган ошол эле шаттл-автобустун каттамы менен кайтууну сунуштайбыз.