21-августта Ала-Тоо аянтында борбор калаанын тургундарын жана конокторун бириктирген ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү.
Шаар тургундары үчүн кыргыз эстрада ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Кече жылуу маанайда өтүп, шаар тургундары жакындары менен убакыт өткөрүп, борбор калаанын так ортосунда жандуу музыканын коштоосунда эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындай маданий жана музыкалык иш-чаралар шаардык маданий чөйрөнү түзүүгө, коомдук жайларды шаар тургундары жана Бишкектин коноктору үчүн дагы да жагымдуу жана ыңгайлуу кылууга өбөлгө түзөт.






