Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек ЖЭБинин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүн текшерди.
Долбоордун алкагында Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкеге жакын жайгашкан райондордун тургундары үчүн заманбап сейилдөөчү аймак түзүлүүдө.
Узундугу болжол менен 1 чакырымды түзгөн тилкеге учурда коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулду. Ошондой эле жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Учурдагы эски көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө курулат. Бүгүнкү күндө объектте курулуш иштери улантылууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри Айбек Джунушалиев сейилдөөчү аймакты мындан ары көрктөндүрүү иштерин улантуу жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.






