Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Асман Парк»  оюн-зоок борборунун аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Долбоор паркты комплекстүү жаңылоону, аймакты жашылдандырууну, заманбап эс алуу зоналарын жана сейилдөө үчүн ыңгайлуу инфраструктураны түзүүнү камтыйт.

Жашыл аймактарды сактоо жана өнүктүрүү реконструкциянын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Учурда парктын аймагына 500дөн ашык көчөттөр жана декоративдүү дарактар  отургузулду.

Жакынкы аралыкта дагы ушундай эле сандагы көчөттөрдү отургузуу пландалууда.
Учурда топурак жана газон себүү, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө аткарылган иштердин жалпы көлөмү 90 пайыздан ашты.

Реконструкция иштери аяктагандан кийин «Асман Парк» үй-бүлөлүк-оюн-зоок борборунда  эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар, көңүл ачуучу аянтчалар  заманбап дизайн элементтеринен жасалат.

Парктын негизги өзгөчөлүгү – бийиктиги 92 метрден ашкан айланма дөңгөлөк. Бул Борбор Азиядагы эң бийик аттракцион болуп саналат жана ага «БИШКЕК ЖЫЛДЫЗЫ» деген ат берилген. Анын бийиктигинен келген коноктор Бишкек шаарынын жана кооз тоолордун панорамалык көрүнүшүнө күбө боло алышат.

Шаар башчысы бардык иштерди сапаттуу аткаруунун жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.