22-августта Бишкекте ачык асман алдындагы музыкалык кечелер жыйынтыкталды.
2026-жылдын 22-августунда «Ала-Тоо» аянтында «Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер» долбоорунун жыйынтыктоочу концерти болуп өттү. Үч айдын аралыгында уюштурулган бул долбоор борбор калаанын тургундары менен конокторун бириктирип, бийлеген фонтандын коштоосунда жагымдуу маанай тартуулап, маданий эс алууга мүмкүнчүлүк түзүп келди.
Жыйынтыктоочу концертте Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги алдында өнөр көрсөтүп, көрүүчүлөргө мазмундуу жана бай музыкалык программа тартуулады.
Музыкалык кечелер сезон бою Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу чыгармачыл жамааттардын, Кыргызстандын эл артисттеринин жана белгилүү аткаруучуларынын катышуусунда өткөрүлдү. Бул кечелер борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн маданий эс алуунун маанилүү аянтчаларынын бирине айланып, жайкы кечтерди шаардын борборунда музыка жана искусствонун коштоосунда жагымдуу өткөрүүгө шарт түздү.
Долбоордун негизги максаты — шаар тургундарынын мазмундуу эс алуусун уюштуруу жана Бишкектин коомдук жайларында маданий иш-чараларды өнүктүрүү болду.
Жыйынтыктоочу концерт жайкы сезондун жаркын жыйынтыгы болуп, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жылуу таасирлерди тартуулап, «Ала-Тоо» аянтындагы музыкалык кечелер тууралуу жагымдуу ойлорду калтырды.












