2026-жылдын 27-августунда саат 09:00дөн  саат 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү району: 9-кичи райондун бир бөлүгү, Малдыбаев көчөсү - Сүйөркулов көчөсү - К. Тыныстанов көчөсү - И. Ахунбаев көчөсү.

Диаметри 200 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу менен жабдуу убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.