Борбор калаанын райондорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөөгө багытталган рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүүдө.
Алсак, 2026-жылдын 11-августунда Ленин районундагы №107 МАБдын аймагында өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзам бузуунун эки фактысы аныкталды. 166-контурда Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгынын талаптарын бузуу менен ички пайдубал курулуп жатканы белгилүү болгон. Ал эми 67-контурда, Плодовое айылындагы мамлекеттик фонддун жерлеринде убактылуу курулуш жүргүзүлүп жатканы аныкталды.
Мындан тышкары, №109 МАБдын аймагында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн дагы эки фактысы аныкталды: 520-контурда, Кызыл Эмгек көчөсү, 4А дарегинде жана 540-контурдагы №1539 жер тилкесинде. Аныкталган бардык фактылар боюнча тиешелүү материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Свердлов районунда 2026-жылдын 6-августунда №305 МАБдын кызматкерлери «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» конуштарында жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө «Нуркожо-Ата» конушунун 11-көчөсүндөгү №453 жер тилкесине пайдубал куюу фактысын аныкташты. Тиешелүү документтер дагы мындан аркы кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 7-августунда Свердлов районунун №303, №304, №305, №306 жана №307 муниципалдык аймактык башкармалыктары өздөрүнө караштуу аймактарда рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүү фактылары аныкталган жок.
14-августта Октябрь районунун аймагында №401, №402, №403, №404, №405, №406 жана №407 МАБдардын аймактарында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Аэрофотосүрөткө тартуунун материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү фактылары аныкталган жок.
Ошол эле учурда, №406 МАБдын аймагындагы «Анар-Бак» конушунун №6 участогунан жер тилкесин болжолдуу өз алдынча басып алуу фактысы аныкталды. Бул факт боюнча материалдарга укуктук баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Борбор калаанын райондорунда жер тилкелеринин пайдаланылышын көзөмөлдөө, аларды мыйзамсыз басып алууга жол бербөө, ошондой эле курулуш тармагындагы мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер туруктуу негизде улантылууда.