Бүгүн, 2026-жылдын 25-августунда, борбор калаада Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин жана педагогдорунун «Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа» аттуу конференциясы өттү.
Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтобүбү Ашимбаева, социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Рахат Мусаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.
Калаа башчысы өзүнүн кириш сөзүндө заманбап билим берүү системасынын негизги милдети бир гана билим берүү менен чектелбестен, алган билимин практикада колдоно алган, өз алдынча ой жүгүрткөн, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл жана патриоттук сапаттарга ээ болгон ар тараптуу инсанды тарбиялоо экенин белгиледи.
«Бул жогорку максатка мектеп, мугалим жана ата-эне биргеликте, бир багытта иш алып барганда гана жетише алабыз. Өз кезегинде мэрия билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, аларды заманбап жабдуулар менен камсыздоого, имараттарды оңдоп-түзөөгө жана жаңы объектилерди курууга, ошондой эле окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантат», — деп баса белгиледи мэр.
«Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа» темасындагы негизги баяндаманы Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев жасады.
Конференциянын алкагында билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, 12 жылдык билим берүүнү киргизүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарын башкарууда заманбап ыкмаларды колдонуу, ошондой эле Бишкек шаарындагы мектептердин ишинин натыйжалары жана практикалык тажрыйбасы талкууланды.
Өзгөчө көңүл «Алтын казык» программасын ишке ашырууга жана 12 жылдык билим берүүнүн философиясына, жаңы билим берүү моделине өтүүгө, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана билим берүү уюмдарынын практикалык натыйжаларына бурулду.
Мындан тышкары, катышуучулар административдик-аймактык реформанын алкагында билим берүүнү өнүктүрүү, окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмалары жана борбор калаанын билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары боюнча пикир алышты.
Конференция «Ачык микрофон» форматындагы талкуу менен жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө катышуучулар өз сунуштарын айтып, борбор калаанын билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан тиешелүү резолюция кабыл алынды.
Белгилей кетсек, предметтик конференциялар бүгүнтөн баштап 2026-жылдын 4-сентябрына чейин предметтик мугалимдер үчүн уланат.









