Бишкек шаарынын ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 25-августуна карата орточо электр кубаттуулугу 160 МВт түзөт.

Электр энергиясын өндүрүү көлөмү – 3,852 миң кВт/саат.

Жылуулук энергиясын берүү көлөмү – 2,003 миң гигакалория.

ЖЭБде жалпысынан 15 отказан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен  7 турбиналык агрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган.

25 - августка карата иштеп жаткан жабдуулар 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышкан 2 турбиналык агрегат жана №3 энергоблок.

Оңдоодо 5 отказан агрегаты, 2 турбиналык агрегаты жана №4 энергоблок.

Камдыкта 7 отказан агрегаты жана 3 турбиналык агрегат.

25-августка карата кампадагы көмүрдүн калдыгы 181,8 миң тоннаны түзөт.