«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын кайра куруу алкагында жылуулук тармактарын кайра кошуу иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу 2026-жылдын 26-августунда саат 07:00дөн 20:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
* Эркиндик бульвары, 63, 71, 73;
* Жумабек көчөсү, 123, 125, 129;
* Абдрахманов көчөсү, 214;
* Баетов көчөсү, 74, 75, 81, 85;
* Тыныстанов көчөсү, 138, 144.
«Бишкекжылуулуктармагы» МИ тургундарга түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.