2026-жылдын 25-июнунан 15-сентябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө.

Сабактар Ататүрк атындагы сейил бактын аймагында спорт боюнча инструкторлордун жетекчилиги алдында жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн милдеттүү коштоосунда өткөрүлөт.

Күн сайын сабактарга орточо эсеп менен 10–15 бала катышат. Беш күндүн ичинде катышуучулардын жалпы саны болжол менен 65–70 баланы түзөт.

Иппотерапия адаптацияланган ат минүүгө жана адамдын ат менен өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Сабактар балдардын кыймыл-аракет активдүүлүгүн, кыймыл координациясын жана жалпы моторикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле эмоционалдык абалына жана социалдык адаптациясына оң таасирин тийгизет.