2026-жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «100 өнөр жай ишканасы — 2026» программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы өнөр жай объектилеринин даярдыгын текшерди.

Алгач мэр «КыргызТрансформатор» ЖЧКсынын объектисинен кабар алды. Бул жерде күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулуп, ишке киргизүүгө даярдалды. Долбоордун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 000 трансформаторду түзөт. Ишканада 50гө чейин жумуш орду түзүлөт.

Ошондой эле мэр «Биринчи индустриалдык комплекс» ЖЧКсынын («Полибетон» ААК) кошумча кулинардык цехинин даярдыгы менен таанышты. Объекттин даярдыгы 95 пайызды түзөт. Бул жерде даяр тамактар, нан жана кондитердик азыктар, куурулган азыктар жана салаттар өндүрүлөт. Ишке киргенден кийин 200дөн ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.

«Флагман компани» ЖЧКсында курулуш үчүн металл конструкцияларды жана металл буюмдарын өндүрө турган заводду ишке киргизүүгө даярдык уланууда. Объекттин даярдыгы 98 пайызды түзөт. Долбоордук кубаттуулугу — жылына 6 000 тонна продукция. Ишканада 35 жумуш орду түзүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев долбоорлорду ишке ашырууда жакшы динамика байкалып жатканын белгиледи. Ошондой эле мэриянын компетенциясына кирген маселелер боюнча ишканаларга зарыл болгон көмөк көрсөтүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча тапшырмаларды берди.