VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жаткан учурда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун бул күндөрү саякаттап, Кыргызстандын туристтик жайларын көрүүгө чакырат.

Саякатчылар үчүн сунушталган программалардын бири —   Askunai Tour туристтик компаниясынын турлары. Компания шаардагы ызы-чуудан алыс жерде бир нече күн эс алууну каалагандар үчүн эки маршрут даярдады.

KOL-TOR EXPERIENCE маршруту 3 күнгө жана 2 түнгө эсептелген. Программанын алкагында Кегети өрөөнүнө, шаркыратмага, Көл-Төр көлүнө, тоо лагерине жана ысык булактарга баруу каралган.

Жети күндүк «Тянь-Шандын түндүк чынжырлары» маршруту Бурана мунарасына, Ысык-Көлгө, Жомок капчыгайына, Караколго, Жети-Өгүзгө, Нарынга, Соң-Көлгө жана Таш-Рабатка барууну камтыйт.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн атайын сунуш да каралган. Турга bishkek-vik промокоду менен брондоп жатканда 10% арзандатуу берилет.

Турлар тууралуу кеңири маалымат алуу жана брондоо үчүн төмөнкү дарек жана байланыш номерлерине кайрылса болот:

Дареги: Манасчы Сагынбаев көчөсү, 106, 408-кабинет.
Телефон/WhatsApp: +996 508 600 018, +996 506 002 506
Instagram: @askunay_tour

Мындан тышкары, Бишкектин тургундары жана коноктору башка туристтик компаниялардын сунуштары менен да тааныша алышат:

Pro Travel — +996 555 691 020, +996 507 030 987 | Instagram: @protravel.kgz
Askunai Tour — +996 507 600 018, +996 708 540 356 | Instagram: @askunay_tour
Fun Travells — +996 502 402 060 | Instagram: @fun_travells
Kapriz Travel — +996 508 100 210 | Instagram: @kapriz_travel
PEGAS Trip — +996 504 160 623 | Instagram: @pegas_trip
Di Travel kg — +996 704 000 029 | Instagram: @di_travel_kg
Kyrgyzworld — +996 557 204 065 | Instagram: @kyrgyzworld_trip
Sunrise Travel — +996 501 010 121 | Instagram: @sunrise.travel.kg
Nomad Spirit — +996 702 040 218 | Instagram: @nomadspirit.kg
Kyrgyz Land — +996 508 100 210 | Instagram: @kyrgyzland_kg
Trekkingunion.kg — +996 556 101 933 | Instagram: @Trekkingunion.kg