Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаментинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жер мунапысын ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына кирген аймактарда жайгашкан жер мунапысына кирген объекттер боюнча Ленин райондук комиссиясы «Жер мунапысын өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун 15-пунктуна ылайык, төмөнкү жер мунапысына кирген объекттерди пайдалануучулардын жана (же) менчик ээлеринин тизмесин коомчулукка маалымдоо үчүн жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алды.
https://docs.google.com/document/d/1YbFTctNuNlfaHm8Ml5TXrGl6nW1PEh9Y/edit?usp=sharing&ouid=108855463050776696416&rtpof=true&sd=true