Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү менен Чыгыш Кытайдагы Цзянсу провинциясынын административдик борбору болгон Нанкин шаарынан келген SOHO Culture Group Co., Ltd. кытайлык компаниясынын делегациясынын жолугушуусу өттү.
Жолугушууга Департаменттин директору Канатбек Маматов, директордун орун басары Рустам Алишеров, Департаменттин кызматкерлери, SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Юэ Лян жана кытайлык компаниянын өкүлдөрү катышты.
Тараптар туризм, спорт жана жаштар саясаты тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Бишкек шаарынын туристтик потенциалын илгерилетүү, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туризм, спорт жана жаштар саясаты тармактарында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.



