VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында Санариптик технологиялар борбору Оюндун геомаалыматтык өнөктөшү катары иш алып барууда.
«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» аттуу атайын бөлүм ишке киргизилди. Анда Оюндар тууралуу негизги маалыматтар топтолуп, көрүүчүлөргө, катышуучуларга жана конокторго ыңгайлуу бир катар санариптик кызматтар сунушталат.
Керектүү маалыматты ыкчам алуу жана адистер менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Оюндар өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында атайын байланыш каналдары жеткиликтүү болот.
Суроолорду «Менин шаарым» тиркемесинин «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» → «Суроо берүү» бөлүмү аркылуу түздөн-түз берүүгө болот. Колдонуучулар электрондук түрдө кайрылуу калтырып, адистерден керектүү маалыматты ыкчам ала алышат.
Ошондой эле 1225 кыска номерине, +996 552 252 037 телефон номерине WhatsApp / Telegram аркылуу кайрылууга болот.
«ДКО» бөлүмүнөн колдонуучулар Оюндардын программасы, мелдештердин убагы, шаттл-автобустардын каттамдары менен таанышып, ошондой эле Оюндун ачылыш аземине билеттерди сатып ала алышат.
Тиркеме иш-чараларга барууну алдын ала пландап, мелдештердин убагы менен таанышууга жана «Бишкек Аренага» барып-келүү үчүн ыңгайлуу каттамды тандоого жардам берет. Арена аймагына жеке автоунаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилгендигине байланыштуу көрүүчүлөргө уюштурулган шаттл-автобустарды пайдалануу сунушталат.
Санариптик кызматтарды колдонуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2026-жылдагы конокторуна жана катышуучуларына Оюндар өтүп жаткан мезгилде актуалдуу маалыматты ыкчам алууга жана зарыл учурда адистерден жардам сурап кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.
