Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор калаанын мэри сейил бактарды жана скверлерди реконструкциялоодо белгиленген талаптарды эске алуу менен үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды сөзсүз түрдө караштырууну, ошондой эле иттерди сейилдетүү эрежелери жазылган маалыматтык тактайчаларды орнотууну тапшырды.

«Шаарда үй жаныбарларын багып жүргөндөр көп экенин көрүп жатабыз. Алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек», — деп белгиледи мэр.

Реконструкциянын алкагында жөө адамдар жүрүүчү тротуарларды жана ирригациялык тармакты жаңылоо, бордюрларды орнотуу, балдар жана спорт аянтчаларын куруу, аймакты жашылдандыруу, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын уюштуруу каралган.

Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө. Подряддык уюм — «АЖК Строй» ЖЧКсы.