Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда Чүй проспектисинин айрым бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Чектөө 2026-жылдын 27-августунда саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Чыңгыз Айтматов проспектисинен (мурдагы Манас проспектиси) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө болот.

Убактылуу чектөөлөр эл аралык иш-чараларга катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан убактылуу чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.