2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата шаардын ар кайсы аймактарынан келген көрүүчүлөр үчүн "Бишкек Аренага" акысыз маршруттук автобустар кызмат көрсөтөт.
Шаттл-автобустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин 21 жөнөө пунктунан чыгат. Пункттардан "Бишкек Аренага" акыркы маршруттук автобус саат 16:00дө болот.
Шаттл-автобустарына түшүү акысыз. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билети же иш-чарага чакыруусу бар көрүүчүлөр кызматты колдоно алышат.
Шаттл-автобустарынын жөнөө пунктары:
1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
5. Ак-Кула автобекети - Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
7. Тунгуч кичи району, 64/1, акыркы аялдама;
8. Аул көчөсү, 10A/1 (Кожзавод);
9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
12. Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
13. Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
14. Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (азыркы Чүй проспектиси), (ДЭПО-2);
17. Москва көчөсү, 239, 4-электр автобусунун (ДЭПО-1) акыркы аялдамасы;
18. Дэн Сяопин проспектиси, 209 (азыркы Чүй проспектиси);
19. Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
21. Тыналиев көчөсү, 16.
Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр шаарга кайтуу үчүн «Бишкек Аренага» келген багыты боюнча ошол эле каттам менен жүргөн шаттл-бустарды пайдаланышы керек.
Бишкек мэриясы көрүүчүлөрдү акысыз шаттл-транспорттун кызматынан пайдаланууга жана «Бишкек Аренага» өз убагында жетип, салтанаттуу азем башталганга чейин өз орундарын ээлеп калуу үчүн жөнөп кетүү пунктуна алдын ала келүүгө чакырат.