Борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын (СИМ) ижарага берүү кызматтарын көрсөткөн компанияларга аларды шаардын аймагында убактылуу пайдаланууну чектөөнү сунуштады.

Чектөө киргизүү сунушталган мөөнөт — 2026-жылдын 30-августунан 2-сентябрына чейин.

Мындай чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз уюштурулушуна шарт түзүү, ошондой эле расмий иш-чараларга катышуучулардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн  камсыз кылуу максатында сунушталууда.

Мындан тышкары, электросамокаттарды ижарага берүү кызматтарынын операторлоруна көрсөтүлгөн мезгил аралыгында электросамокаттарды муниципалдык аймактарга жайгаштырууну жана токтотуп коюуну убактылуу токтотуу сунушталды.