Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык жер мунапысы боюнча иштер үзгүлтүксүз улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген объектилерди кароо иштерин улантууда.

Анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган, башаламан курулуштар жайгашкан жер тилкелеринин курамына кирген жер тилкелери да каралууда.

2026-жылдын 17-августунда Ленин районунун комиссиясы тарабынан 702 материал каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, 86 материал боюнча жактыруу чечими кабыл алынды. 242 жарандын арызы Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү. Ал эми 336 арыз боюнча материалдарды коомдук маалымдоого чыгаруу чечими кабыл алынды.

Жер мунапысы боюнча жарандардын арыздарын кароо жана жер  мунапысын ишке ашыруу иштери улантылууда.