2026-жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык инфраструктуранын эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга даярдыгынын жүрүшүн текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Бишкекти «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштырган негизги каттамдарды бойлой жүрүп, иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде пайдаланылуучу тилкелердеги шаардык инфраструктуранын абалы менен таанышты.
Өзгөчө көңүл жол инфраструктурасына бурулду. Мэр Айбек Джунушалиев Манас көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишиндеги жол өтмөгүн реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жооптуу муниципалдык кызматтардын жетекчилерине бардык иштерди сапаттуу аткаруу, белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө бүтүрүү жана ага чектеш аймактарды талаптагыдай абалда кармоо тапшырылды.
Ошондой эле мэр «Аска-Таш» мемориалдык комплексине барды. Объектти реконструкциялоонун алкагында аймакты көрктөндүрүү жана тиешелүү абалга келтирүү боюнча бир катар иштер аткарылды.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө расмий делегациялар өтүүчү каттамдардагы көчөлөрдүн жана аларга чектеш аймактардын абалына өзгөчө көңүл бурулду. Шаардык кызматтарга санитардык абалды, көчөлөрдүн жарыктандырылышын, жашылдандырууну, аймактардын көрктөндүрүлүшүн күн сайын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.
Айбек Джунушалиев шаарды эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга даярдоо бардык муниципалдык кызматтардын координацияланган ишин жана жетекчилердин өздөрүнө жүктөлгөн багыттар боюнча жеке жоопкерчилигин талап кыларын белгиледи.
«Бардык объектилер жана шаардык каттамдар талаптагыдай абалга келтирилиши керек. Иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү гана эмес, алардын сапатын камсыз кылуу да маанилүү. Ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн багыт үчүн жеке жоопкерчилик тартат», — деп белгиледи мэр.













