Бүгүн, 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине келген көрүүчүлөр үчүн «Бишкек Аренага» чейин акысыз шаттл-автобустардын каттамы уюштурулду.
Шаттл-автобустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жөнөө пунктунан каттап жатат.
Учурда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана шаттл-автобустардын үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча иштер уланууда.
Иш-чара аяктагандан кийин акысыз шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү келген жөнөө пункттарына жеткиришет.


