Бүгүн, 2026-жылдын 2-сентябрында, Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр ааламы» этноайылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын боз үй комплексин – «Бишкек Ордону» ачышты.

Быйыл Бишкек шаарынын мэриясы жөн гана боз үй комплексин эмес, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана салт-санаасы камтылган өзгөчө мейкиндикти тартуулады.

«Бишкек Ордо» аймагына 15 боз үй тигилип, алардын ар бири конокторду улуттук маданияттын, каада-салттын, күнүмдүк турмуштун жана тарыхый мурастын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат. Ордонун борбордук бөлүгүн улуу «Манас» эпосуна арналган жана кыргыз элинин тарыхый-руханий мурасын чагылдырган башкы боз үй – «Хан Ордо» ээлейт.

«Бишкек Ордого» орнотулган түндүктүн да өзгөчө символдук мааниси бар. Ал өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн туюндуруп, бир асмандын алдында жети облус менен республикалык маанидеги эки шаарды бириктирип турат. Борбор калаа катары Бишкек бул биримдиктин символу болуп, өлкөнүн аймактарын, салт-санаасын жана элдин маданий мурасын бириктирет.

«Бишкек Ордо» борбор калаанын республиканын маданий мурасын сактоодогу, даңазалоодогу жана дүйнөгө таанытуудагы өзгөчө ролун айгинелейт. Каада-салт жана улуттук мурас – жалпы кыргыз элинин баа жеткис байлыгы. Ал эми Бишкек борбор калаа катары Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып, адамдарды, маданияттарды жана муундарды бириктирип келет.

Ар бир боз үй «Көчмөндөр ааламынын» коноктору үчүн өзүнчө тартылуу борборуна айланды. Бул жерде коноктор кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен таанышып, кыргыз ашканасынын даамдарынан ооз тийип, элдин тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат алышат.

Мындан тышкары, коноктор үчүн мазмундуу маданий программа даярдалды. Анын алкагында улуттук өнөрпоздордун чыгармалары тартууланып, концерттик программалар жана чыгармачылык презентациялар уюштурулуп, кыргыз элинин меймандостугунун өзгөчө атмосферасын сезүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Бишкек Ордону» түзүү маданий мурасты сактоо жана даңазалоо менен гана чектелбестен, борбор калаанын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө да багытталган. Тарыхы, улуттук маданияты, каада-салты жана өнөрү аркылуу Бишкек терең тарыхый тамыры бар заманбап борбор калаа катары конокторго жаңы өңүттөн ачылат.

«Көчмөндөр ааламы» маданияттардын, элдердин жана салттардын бириккен жайына айланса, «Бишкек Ордо» Кыргызстандын тарыхы жанданып, муундарды бириктирип, заманбап эл аралык маданий диалогдун ажырагыс бөлүгүнө айланган маанилүү аянтчалардын бири болуп калды.