Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жайгашкан «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасына барды.

Сапардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы этношаарчада борбор калаа тарабынан уюштурулган «Бишкек Ордо» маданий комплекси менен таанышты. Марлен Маматалиев аянтчанын жогорку деңгээлде даярдалып, уюштурулганын белгилеп, аны түзүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын жана конокторун майрамы менен куттуктады.

«Бишкек Ордо» — конокторду кыргыз элинин тарыхы жана каада-салттары менен тааныштырган өзгөчө маданий мейкиндик. Бул жерде улуттук маданияттын элементтери кеңири көрсөтүлүп, маданий иш-чаралар жана концерттик программалар өткөрүлүүдө. Ошондой эле коноктор кыргыз элинин улуттук тамак-аштары жана меймандостугу менен жакындан тааныша алышат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү «Бишкек Ордо» өлкөнүн тургундарын жана конокторун кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын, маданий мурасынын жана каада-салттарынын айланасына бириктирген маанилүү жайлардын бирине айланды.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын тургундарын жана конокторун «Бишкек Ордо» маданий комплексине келип, быйылкы жылдын башкы эл аралык иш-чарасынын өзгөчө атмосферасынын бир бөлүгү болууга чакырат.