Бүгүн, 2026-жылдын 3-сентябрында, «Бишкек Ордо» боз үй комплексинде Кыргызстандыктарды жана өлкөбүздүн конокторун музыка, улуттук маданият жана салт-санаа менен бириктирген кечки концерт болуп өттү.

Сахнада кыргыз эстрадасынын белгилүү өкүлдөрү Кубаныч Сатаев, Марат Талантбеков, Алтынай Нарбаева жана Съездбек Искеналиев өнөр тартуулашты.

Концерттик программа «Кыргыз Руху», «Доор», «Теңир», «Акак» жана «Шайыр апалар» чыгармачыл жамааттарынын өнөрлөрү менен уланды. Кечеге улуттук өзгөчө көрк кошкон манасчынын чыгышы жана Маданият башкармалыгынын элдик аспаптар оркестринин солисттеринин аткаруулары болду.

Кеченин өзгөчө сюрпризи катары популярдуу ырчы Мирбек Атабеков сахнага чыгып, анын өнөрү көрүүчүлөр тарабынан зор кубаныч жана жылуу маанай менен кабыл алынды.

Маданий программанын алкагында «Аталар изи» этникалык кийимдеринин көргөзмөсү да уюштурулуп, анда улуттук кийимдердин салттуу элементтери көрсөтүлүп, кыргыз элинин бай маданий мурасынын өзгөчөлүгү даңазаланды.

Кеченин соңунда ар түрдүү муундагы коноктордун башын бириктирген майрамдык дискотека уюштурулду.

Белгилей кетсек, «Бишкек Ордо» комплекси ачылгандан бери майрамдык концерттер үзгүлтүксүз өтүп келет. Эртең, 4-сентябрда, келүүчүлөрдү салттуу «Сармерден» иш-чарасы жана башка маданий-көңүл ачуучу программалар күтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана өлкөбүздүн конокторун «Бишкек Ордо» боз үй комплексине келип, улуттук салт-санаага, өнөргө жана Кыргызстандын маданий мурасына арналган масштабдуу маданий программанын бир бөлүгү болууга чакырат.