6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спортчуларды, маданият өкүлдөрүн жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторду бириктирген ири эл аралык иш-чара болду. Алты күн бою Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар өткөрүлүп, көчмөн цивилизациясынын бай мурасы менен салт-санаасы кеңири даңазаланды.
Оюндардын ачылыш аземи 31-августта жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтүп, ага Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген мамлекет башчылары күбө болушту.
Оюндар эл аралык коомчулуктун, спорттук жана маданий уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын чоң кызыгуусун жаратты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Россия Федерациясынын Татарстан Республикасына өткөрүлүп берилди. Ал жерде бул эл аралык иш-чаранын тарыхынын кийинки барагы ачылат.
















