6-сентябрда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Оюндардын расмий жабылыш аземинин түз эфирдеги көрсөтүүсү уюштурулду.
Аянтка Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору чогулуп, ири эл аралык иш-чаранын бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк алышты. Көрүүчүлөр үчүн белгилүү кыргыз ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Анда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жаннета, Жылдыз Тутуева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Замир Арыкбаев, Эля Бегалиева, Нуржигит Асанов жана Атахан Айбек уулу өнөр тартуулап, майрамдык жана өзгөчө жылуу маанай түзүштү.
Түз эфир учурунда көрүүчүлөр Оюндардын акыркы күнүндөгү маанилүү жана кызыктуу учурларга, ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын өнөрлөрүнө, маданий номерлерге жана дүйнө элдеринин каада-салттары менен маданиятынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган көрсөтүүлөргө күбө болушту.
Өзгөчө маанайды ынтымак жана биримдик сезими жаратты. Аралыкка карабастан, Бишкектин тургундары жана коноктору Чолпон-Атадагы иш-чараларды бирге көрүп, катышуучуларга колдоо көрсөтүп, майрамдык концерттик программадан ырахат алышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт, маданият, музыка жана жалпы каада-салт аркылуу ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирген аянтча болду. Оюндун жыйынтыгы ири эл аралык иш-чаранын жаркын финалына айланып, көрүүчүлөргө жаңы эмоцияларды, таасирлерди жана көчмөн элдердин бай мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк тартуулады.















