Оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу 2026-жылдын 8-сентябрынан тартып Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромская көчөсү) Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол жүрүү багыттарыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап алууңуздарды өтүнөбүз.
Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалат.